Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты. Анда президенттикке талапкерлер да жарандык милдетин аткарып, шайлоо тилкелерине барып, добуш берип жатышат.
Алардын катарындагы Жеңишбек Байгуттиев Бишкетеги №1003 шайлоо тилкесинен добуш берип, өз тандоосун жасады.
Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Кезексиз президенттик шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыгы саат 21:30да чыга турганы маалымдалды.