Ички иштер министрлиги шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин коомдук тартип бузулса ал жакка аскер кызматкерлерин жөнөтүп, тартипти жөнгө салууга даяр. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз кызматкери Медет Иманкулов билдирди.
"Учурда биздин кызматкерлер шайлоо тилкелеринде иш алып барышууда. Эгерде кандайдыр бир коомдук тартипти бузуу фактысы катталса биздин кошумча күчтөр ал жерге барып тартипти жөнгө салууга даяр", - деди Иманкулов.
Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелери саат 20:00дө жабылат жана шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы саат 21:30да чыгат.