Бүгүн, 10-январда өлкөдө президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Буга байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө шайлоо тилкелери ачылып, Кыргыз жарандары добуш беришүүдө.
Социалдык тармакта Орусиянын Красноярск жана Новосибирск аймактарындагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланып жатат. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Орусиянын бул эки аймагында тең Садыр Жапаров биринчиде келе жатат.