Президенттикке талапкерлигин койгон Адахан Мадумаров штабында маалымат жыйын берип жатып, журналисттин башкаруу формасы тандалды. Сиздин божомолуңузда азыркы жазылып жаткан Конститутцияны кайсы убакка өткөрүшү мүмкүн деген суроого ал төмөндөгүдөй жооп берди.
"Бул Конституцияны азыркы мыйзамсыз, өзүлөрүнөн-өзү мөөнөтүн узартып алган парламент үчүн аябай жакшы. Мына ушул депутаттардын колу менен кабыл алынган. Эми ошол депутаттардын колу менен ушул Конституция кабыл алынат. Элдин 80 пайызы президентттик башкарууга добуш берди. Кеп "Ханституция" деп жатпайбызбы. Накта "Ханституцияга" алып баргандан кийин чыркырып, андан кийин безилдеп чыгышат. Бул күндөр алыс эмес", - деди Адахан Мадумаров.