Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Эльдар Абакиров шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыктары боюнча пикирин билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар, шайлоо бүттү. Мен үчүн ар бир добуш маанилүү эмес, ар бир адам, анын көз караштары, жашоодогу ар кандай күтүүлөрү маанилүү. Менин атаандаштырым башка талапкерлер эмес - бул экономикалык кризис, жумушсуздук, жакырчылык. Ушул жерде чыныгы күрөш болот. Менин командам Кыргыз өлкөсү боюнча эң жакшы команда деп эсептейм. Мен чын жүрөктөн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Буюрса, алдыда дагы көп жумуш кылабыз", - деди Эльдар Абакиров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум болуп өттү.