Садыр Жапаровго SUPER.KG порталы тарабынан "Сөз эркиндигине болгон мамилеңиз кандай болот? Сизди сындаган маалымат каражаттарына кысым болбойбу?" деген суроо берилди. Учурда ал маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.
"Эч кандай кысым болбойт. Ал үчүн журналисттер маалыматтарды так жана туура чагылдырышы керек. Мен шайлоодо байкадым, "Азаттык" сөзүмдү кесип өздөрүнө тийиштүү жакка бурмалап жатышты", - деди Жапаров.