Былтыр январь айынан баштап октябрь айына чейин, тагыраагы, өткөн жылдын 10 айында Кыргыз өлкөсү чет мамлекеттерге малдын 1054,1 тонна ички органдарын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, малдын сатылган ашказаны, ичеги-карыны, табарсык сыяктуу органдары 807,1 миң доллар же 61 миллион сомду түзгөн.
Кыргыз өлкөсү экспорттогон мамлекеттер:
1) Гонконг — 607,1 тонна;
2) Вьетнам — 391,7 тонна;
3) Түркия — 33,3 тонна;
4) Мьянма — 22 тонна;
2019-жылдын 10 айында малдын 887 тонна ички органдары сатылган. Анын жалпы наркы 48 миллион 400 миң болгон (837,6 доллар).