Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында сахна орнотулуп жатат. Иш-чаранын уюштуруучулары саат 14:30да Садыр Жапаровдун сөз сүйлөй турганын айтышты.
Буга байланыштуу таң эрте адамдар чогулуп, аппаратураларды орното баштаган.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы аянтта иш-чара өткөрүү боюнча мэрияга билдирме келгенин SUPER.KG порталына билдирди.
"Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев "Ала-Тоо" аянтында концерт уюштуруу боюнча Жапаровдун штабындагылар билдирме жөнөткөнүн айтты. Концертке 100дөн ашпаган киши катышат экен. Мэрия иш-чаранын уюштуруучуларына санитардык нормаларды сакталышы керектиги тууралуу эскертүү берди", - дейт маалымат катчы.