Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында сахна орнотулуп жатат. Уюштуруучулар саат 15:00дө Садыр Жапаровдун сөз сүйлөй тургандыгын айтышты.
Учурда "Ала-Тоо" аянтына адамдар чогулуп жатышат жана алардын болжолдуу саны миңден ашты.
Патрулдук милиция кызматкерлери Чүй кең көчөсүн жабышты. Ошол эле учурда аянтка адамдар текшерүүдөн өтүп киргизилүүдө.