
Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында президенттик шайлоодо атаандаштарынан алдыга озуп чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары концерттик иш-чара уюштурду.
Концерттин ачылышын белгилүү "Айкөл" тобу эки чыгармасын аткаруу менен баштады. Андан кийин ырчы Нена өзүнүн жаңы чыгармасын аткарып берсе, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев дагы репертуарындагы ырларынан аткарып, элге жакшы маанай тартуулап жатат. Ал эми алып баруучулук тизгинди куудул Назира Жетигенова, ырчы Элдос Алмаз жана актёр Өмүрбек Исраилов колго алышты.
Алдыда Садыр Жапаровдун сөз сүйлөй тургандыгы күтүлүүдө.