Биз социалдык тармакта

Райхан Абдувалиева: "Садырыбыз мыкты президенттерден болсун"

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында президенттик шайлоодо атаандаштарынан алдыга озуп чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары концерттик иш-чара уюштурду.

Концертке белгилүү "Айкөл" тобу, ырчы Нена, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, Райхан Абдувалиева жана башка өнөр адамдары катышууда.

Сахнага чыккан Райхан Абдувалиева элдин канча жылдан бери күтүп жүргөн күнү келгенин айтат.

"Салам, улуу элим. Биз бул күндү канча жыл күттүк. Кудай бар экен, мен ошого ишендим. Буюрса, Садырыбыз, ажобуз мыкты президенттерден болуп Кыргыз өлкөсүн өнүктүргөн, өстүргөн мыкты мамлекетке айлантсын", - дейт ал.

Иш-чарадагы алып баруучулук тизгинди куудул Назира Жетигенова, ырчы Элдос Алмаз жана актёр Өмүрбек Исраилов колго алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан