Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.
Мугалимдерди аттестациялоонун максаты:
Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан тарта квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат.

2017-жылдын 5-октябрындагы №648 токтомунун негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт:
2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99 миллион 700 миң сом каралды.