Президенттикке талапкерлигин коюп, Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалымат боюнча башка атаандаштарынан ат чабым алдыга кеткен Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында чогулган тарапташтарына келе элек.
Аны тарапташтары күтүп жатат.
Алып баруучулар сахнага Садыр Жапаровду "Садыр ава" деп бир канча жолу айтышты. Бирок ал кечигип жаткандыктан азыркы учурда ырчылар келген элге өнөрүн тартуулап жатышат.