Биз социалдык тармакта

"Садыр кыргызга кырсык алып келет. Мен кутулдум эми өзүңөр күрөшкүлө". Арстан Алай мындан ары кыргызды "улуу эл" деп айтпай турганын билдирди

Президенттикке талапкерлигин койгон Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шайлоо тууралуу пикирин айтты.

"Саламатсыздарбы кыргыз эли? Улуу журтум деп айтканга да болбой калды, мындан ары кыргыз эли деп эле айтам. Кечээ шайлоо болуп өттү. Мен маани берген деле эмесмин, бүгүн мага акыркы орунду алганымды айтышты. Сооронбай Жээнбековго "доордун талабын билбейсиң, мен сени сактап калгым келип жатат ошондуктан бийликти мага өткөрүп бер десем уккан эмес. Аягы эмне болгонун көрдүңөр.

Бүгүн журналисттер Садыр жеңди, буга кандай дейсиз деп келишиптир. Садыр жеңген жок. Бир кезде Сооронбай жеңген. "Соке досум, бактылуу бол" деп Алмазбек Атамбаев бата берген. Кийин эмне болду? Эл кыйналып, 3 жылда кыргызды артка тартып койду. Эл эмоцияга түшүп, ар кандай вирустар пайда болду. Ошол сыяктуу эле азыр Садыр жеңген жок. Ал кыргызга кырсык, кыйынчылык, азап гана алып келет.

Менде күнөө жок, мен сабагымды өттүм, мээримимди төктүм. Элдин алдында бардык милдеттеримди аткарып бердим. Кечээтен бери түштөрдү көрүп, менин жашоом абдан бейпил болуп жатат. Ошондуктан мен карызымдан кутулдум. Арстан Алай кутулду, эми эл карыз деген аян бар. Кыргыз эли, эми өзүңөр күрөшкүлө. Техника менен, бийлик менен кырсыкты, кыйынчылыкты токтотуп көргүлө. Аалам күчтүүбү же түрмөдөн чыккан адам күчтүүбү байкап көргүлө", - деди Арстан Алай.

Арстан Алай кыргыз элине кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Sofiya05
2021-01-11 18:04:07
Ой жоголуп кетсең да капа болбойт... Кутулдум деп тим эле бир нерсени кыйраткан сыр....
+16
Jibakana
2021-01-11 18:08:26
Кудайым ааай кулорумду,же ыйларымды билбей жатам
+7
didu
2021-01-11 18:55:32
жонеле унчукпай окуп коёбергиле аны мыскылдабай, Аллахым анын даражасын озу билет
+9
Kadyrova_
2021-01-11 19:02:18
Апеей эмне дешимдида билбейм.тобаа бул жинди болуп калганго жинди койдун башын жегенго.
+7
nurka_85
2021-01-11 19:08:20
Буга жооп жазганын өзү күнөө
+9
Nurik1988
2021-01-11 19:48:54
Кыйратын сабак отуп
+4
vbrb
2021-01-11 20:45:37
Чынырта сабаса ушул кишини кыштын ызгаарында жыланачтап туруп, чычыраанактын талы менен
+5
bond02
2021-01-11 21:17:26
Мен Арстан Алайды колдобойм дагы, тааныбайм дагы. Бирок кыргыз эли улуу эл деп айтпайм деген созундо канчалык бир чындыгы бар, кыргыз улуу эл деген статустан давно ажырап баштаган.
-2
Dilbaranurdinova
2021-01-11 22:57:09
Кайрат кыылыныыыз
+1
defne15
2021-01-12 00:19:59
Тушунузду коруп уйдон чыкпай дата бериниз Эми.Энергиялар жонотуп коюп кытайга
+1
al-abu-kinesz
2021-01-12 01:10:57
Оозуна калпагындай кара таш, сенин миссиян элге бир аз прикол болуш эле, максатындан чыгып кеттин антип мынкылдабай жон жур акмак десе
+3
al-abu-kinesz
2021-01-12 01:20:56
Шайлоого чейинки чогулткан 30000 голостор кана? Кана жок дегенде 30000 голос алышын керек эле го? Демек, сен дагы жалганчы экенсин да?
+3
Sancho-
2021-01-12 10:47:12
al-abu-kinesz, туура айтыныз.
0
CHingiz90
2021-01-12 06:28:27
Уйя Ак адамын дейби
+1
taxa007
2021-01-12 12:22:33
Малай Чычкан
0
Nursul
2021-01-12 13:06:05
Ии эми не болот десеңер кудай да болбой калдыбы ошондо аба суу таш отту да бербей койбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан