Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда группаларды кабыл алууга уруксат берилди

Бүгүндөн тарта Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда мектепке даярдоочу жана чоң группаларды кабыл алууга уруксат берилди. Мындай чечим Жарандык коргонуу штабында кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 11-январдан баштап шаардагы мамлекеттик бала бакчаларда мектепке даярдоочу жана чоң группаларды кабыл алууга уруксат берилди. Калган тайпаларды кабыл алуу этап-этабы менен ишке ашат.

"Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев бала бакчаларда санитардык талаптар толук сакталуусу боюнча тапшырмаларды берди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUBA21
2021-01-12 00:36:19
Студенттер окуйбу озу. Качан ВУЗ ачылат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан