Биз социалдык тармакта

Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланды деп тааныйт

Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз өлкөсүнүн президенти деп тааныйт. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.

"Америка Кошмо Штаттары 10-январда орун алган президенттик шайлоого активдүү катышкандыгы менен кыргыз элин куттуктайт. Борбордук шайлоо комиссиясына COVID-19 пандемиясынын сыноолоруна карабастан, шайлоону жакшы деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросу (ДИАУБ) узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү миссиясын жүргүзүп, добуш берүү айрым олуттуу мыйзам бузууларга карабастан, тынч өткөнүн аныктады. ДИАУБдун байкоочулар миссиясы шайлоочулар өз добуштарын акылга сыярлык купуялуулук менен бере алгандыгын жана добуш берүү ирээти менен өткөнүн белгилешти.

ДИАУБ ошондой эле, бир талапкер пропорциялуу эмес каржылык каражаттардан жана административдик ресурстарды туура эмес пайдалануудан пайда көрүп, натыйжада бирдей шарттар түзүлгөн эмес деп белгиледи, ал эми жергиликтүү "Жалпы Иш" (Common Cause) байкоо уюму үгүт өнөктүгүнүн мезгилинде жана шайлоо күнү шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү боюнча көптөгөн ишенимдүү айыптоолорду белгиледи.

Биз Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдарын учурда колдонулуп жаткан Конституциялык ченемдерге жана мыйзамдарга ылайык ушул болжолдонгон мыйзам бузууларды териштирүүгө чакырабыз. Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз карандысыз демократиялык институттарга берилүүнү талап кылаарын эскертип турат.

Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну, ошондой эле эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
al-abu-kinesz
2021-01-12 00:58:29
Ооба, Садыр Нургожоевичти доо-шаа мамлекеттер таанып атат, анан ушу чычандап Сегизбайга окшогон куу тумшуктар эле коро албай атышат.
+6
mirlanpiter
2021-01-12 01:02:47
Америкалыктар да ак үйүн басып алууга аракет жасап көрүштү,бирок ак жеринен камалып отурган патриоту жок планы ойрон болду (тамаша)
+6
arimaz89
2021-01-12 05:02:32
Сегизбай менен эле Кимсанбай тааныбай жаткан. Артынан эрчиген төрт адамы болгодо эбак митинг уюштурмак
+6
zam81
2021-01-12 10:26:11
4 адамы де жардын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан