Бүгүн, 12-январда Кыргыз улуттук китепканасынын жыйындар залында белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз СССРинин эл артисти Болот Шамшиевдин акыркы жазган "Каба-Жоо-Жүрөк" кинороманынын бет ачар аземи өтүп жатат.
Салтанаттуу иш-чарага кинорежиссёрдун үй-бүлөсү, замандаштары, санаалаштары, мамлекеттик кызматкерлер жана кыргыз киносуна салым кошуп келе жаткан белгилүү инсандар катышууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-январда "Кыргыз керемети" учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак.