Биз социалдык тармакта

"Мектеп окуучуларын кадимки окутуу режимине өткөрүү маселеси кеңири каралып жатат" дейт министрдин орун басары

Мектеп окуучуларын кадимки окутуу режимине өткөрүү маселеси кеңири каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

"Мектеп окуучуларын штаттык режимге өткөрүү маселелери каралып, кеңири талкууланууда. Бүгүнкү күндө чечимдер чыгып жатат. Ар бир мектептин шарттары карап көрүлүүдө. Ноябрь-декабрь айынан бери бул маселе каралып жатат. Дагы ошол жерден байкоо жүргүзүп жатабыз. Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо бардык мектептер кадимки окутуу режимине өтөт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан