Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар документтерди кыскартты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, министрликтин былтыркы жылдын 28-декабрындагы №1097 "Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругунда төмөнкү документтерди жүргүзүү милдеттүү эмес деп табылды:
Эске салсак, документтердин санын кыскартуу зарылчылыгы өлкөбүздүн педагогдорунан Билим берүү жана илим министрлигине келип түшкөн кайрылуулар менен байланыштуу.Анда мугалимдердин убактысынын көпчүлүгү ар түрдүү отчётторду, документтерди толтурууга кетип жатканы айтылган.