Биз социалдык тармакта

Кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 13-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Ысык-Көл дубанында түнкүсун -4...-9, күндүз -2...+3,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9,

Нарын жергесинде түнкүсүн -16...-21, күндүз -8...-13,

Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз +1...+6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
etaj_rus79
2021-01-12 21:23:40
жалал абадда жаз келгендей болуп калдыго аба ырайы эртенда жылуу экенда 9 градус ыссык бирок откондору отто каттуу суук болуп жатты бубак тушуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан