Биз социалдык тармакта

Мыктыбек Арстанбек Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн партия түздү

Президенттикке талапкерлигин койгон Мыктыбек Арстанбек Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн партия түздү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, президенттик шайлоого катышып жатып, өзү үчүн бир нече маанилүү тыянак чыгарган.

"Биз өзүбүз үчүн көптөгөн ачылыштарды жасадык. Эмне үчүн шайлоочулардын аз катышуусу болду? Эски себептерди атап, аларды көпкө чейин тизмелеп көрсөңүз болот. Коом эми ишенбейт, эл бийликтен тажады. Бирок биз дагы бир нерсени көрдүк. Эгерде шайлоого бир миллиондой адам келсе, демек, калган үч миллион жарандык активдүүлүк жетишсиз деңгээлде өнүккөн. Бул үчүн эмне кылсак болот? Албетте, коомдун саясий аң-сезимин өнүктүрүү үчүн биз маалымат таратабыз. Экинчиден, шайлоого толук маалыматы бар мусулмандар келишти. Бирок эмне үчүн калгандары, анын ичинде сабаттуу илимпоздор бизге добуш беришкен жок? Демек, биз Исламдын толук күчүн ачып бере алган жокпуз. Тийиштүү иштерди мыйзамдуу, расмий деңгээлде кантип жүргүзүүнү билбейбиз. Биз муну чогуу үйрөнүшүбүз керек. Бул биздин коом алдындагы милдетибиз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
munduz2016
2021-01-12 16:45:46
Колдойбуз.
+10
Mustafo
2021-01-12 16:50:30
Бизда колдойбуз
+9
al-abu-kinesz
2021-01-12 17:11:16
Президенттикке Садыр Жапаровду гана ыраа корчубуз, эми депутаттарды да калчап, сатылбай тандап алалы. Ал эми сиз депутат болгонго ото татыктуусуз, кучтуу озунуздой патриот, ыймандуу команда топтонуз партиянызды колдойбуз!
+11
Taalaibek.
2021-01-12 17:43:48
Партиянын аты эмне экен?
+3
nurgaz
2021-01-12 18:33:56
Taalaibek. Ачык эле ИСЛАМ партиясы деп эле атаса жакшы болот.
0
uitmor
2021-01-12 18:20:59
Колдойм. Таза,илимдуу жаштар келсекен.
+4
nurgaz
2021-01-12 18:31:11
Мыктыбек Арстанбек мен сизди колдоймун.
+4
etaj_rus79
2021-01-12 21:18:13
сиз татыктуусуз ак жол ажы аке кудайым буйруса сиз депутат болосуз
+6
Ali-5
2021-01-12 22:02:38
Ийгиликке чогуу жетели буйурса✊
+1
amin1986
2021-01-13 05:58:54
Колдойбуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан