Биз социалдык тармакта

2020-жылы өлкө аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 600дөн ашык лицензия берилди

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензия берген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2020-жылы өлкө аймагындагы юридикалык жактарга - 619 жана 7 жеке ишкерлерге лицензия берилген.

Лицензиялардын жалпы саны боюнча:

  • Бишкек шаарында - 359;
  • Чүй облусу - 43;
  • Талас облусу - 10;
  • Ысык-Көл облусу - 18;
  • Ош облусу- 146;
  • Баткен облусу - 8;
  • Жалал-Абад облусу - 35;
  • Нарын облусу - 7 лицензия берилген.

"Биринчи жолу 450 уюм лицензиясын алышкан, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан