Биз социалдык тармакта

Бишкектеги бала бакчаларды ачуу мөөнөтү жылдырылды

Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттик бала бакчаларды 1-февралда ачууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

"Бала бакчаларды эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөп, 1-февралда ачууну пландап жатабыз", - деди вице-мэр Айжан Чыныбаева.

Буга чейин бала бакчалар 20-январда иштеп баштары айтылган.

Мындан тышкары шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева борбор калаадагы мектептер 18-январдан баштап 1-5-9-11-класстын окуучулары окуп баштарын айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан