Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Токторов уурдалган унаалар боюнча суроо берди.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов былтыркы жылы 18 унаа уурдалып, 5 кишиден турган уюшкан кылмыштуу топ кармалганын айтты.
"2020-жылы 5 кишиден турган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Анда 18 унаа кармалды. Алар Орусияда уурдалган унааны биз аркылуу Тажикстанга алып кетип жаткан. Андан тышкары унаа уурдоо боюнча 20дан ашык материал бар. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деди ал.