"Электр станциялар" ачык акционердик коому 1 жарым миллион сомго эки унаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиева билдирди.
Тендердик документтерге ылайык, Лада 4х4 2131 жүргүнчү ташуучу эки транспорт каражаттарын сатып алууга 1 миллион 568 миң сом жумшоо пландаштырылууда.
"Тендердеги баа Орусиянын заводунун Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы расмий өкүлдөрүнүн сунушунун негизинде түзүлдү. Бул баага эки унаа жана дөңгөлөктөр топтому кирет. Унаалар ГЭСтин кызматкерлери отурган автобусту тоолуу шартта коштоп жүрүүгө ылайыкташтырылган. Кызматкерлер нөөмөттө иштешет, кээде автобус түнкүсүн дагы жүрүп калат", - деди Айдаралиева.