Биз социалдык тармакта

Кар жаагандыгына байланыштуу Бишкектин көчөлөрүнө 164 тонна туз себилди

Бүгүн, 13-январда кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 164 тонна туз себилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Бүгүн 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 кичи трактор, 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 фронталдык жүктөгүч иш алып барууда. Бишкек шаарында туруктуу таштандыларды тазалоо үчүн 640ка жакын көчө тазалагыч, 123 жүктөгүч, санитардык тазалоо кызматкерлери жана жүздөн ашуун адамдан турган бригада иштеп жатат. Санитардык тазалоо үчүн 52 атайын техника, таштанды чыгаруу үчүн 47 атайын техника тартылган. Эртең менен саат 08:00дө болжол менен 164 тонна туз сарпталды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek56
2021-01-13 11:14:53
Кайактан алды 164 тоннаны жолду тазалбай эле чачып койуштубу чуй кен кочосун эми бир жагын суруп отту
0
Jelezo
2021-01-13 13:20:07
Туз айлана чөйрөнү бузат,бут кийимдерди,автомобилдерди чиритет туз пайдаланбай эле сүрүп тазаласа болот.10т себип 100 т.чыгыштап жатышса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан