Биз социалдык тармакта

Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Талант Мамытовду шайлоонун жана референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду президенттик шайлоонун жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз мамлекетинде иш алып барган байкоочулар, анын ичинен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын миссиясы шайлоо ачык-айкын, атаандаштыкта өткөнүн белгилешти", - деди Вячеслав Володин.

Ошондой эле тараптар Кыргыз мамлекети менен Орусиянын парламенттер аралык байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан