Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 10 миңден ашуун жаран ID паспортуна "улуту" графасын коштурду

Өлкөдө бир айдын ичинде 19 миң 451 миң жаран ID паспорт алышты, алардын ичинен 10 миң 153 ID картасында улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков 2020-жылдын 15-декабрында Кыргыз жарандарынын идентификациялык паспортуна "улуту" графасын кошуу жөнүндө чечимге кол койгон.

Жарандын каалоосу боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада "улуту" деген графа көрсөтүлөт.

Эске салсак, 2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстандын жарандары паспорттун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган электрондук чип орнотулган, тексттик да, атайын түзмөк аркылуу окула турган да жана электрондук түрдөгү маалыматтары бар Кыргыз Республикасынын жаранынын үлгүсүндөгү идентификациялык карталарын (ID-карталар) чыгара башташты.

Идентификациялык картада төмөнкү маалыматтар камтылган:

* текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документтин номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификациялык номери, ыйгарым укуктуу орган жана коду, ээсинин колу, ээсинин жүзүнүн сүрөтү санарип форматта, жеке идентификациялык номердин штрих коддору жана документтин номери;

* түзмөктө окула турган формада: түзмөктө окула турган зона;

* электрондук чипте: ГОСТ стандарттарына ылайык криптографиялык алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылган биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук цифралык кол тамгалардын ачкычтары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AykaMer
2021-01-13 17:21:50
Улуту гана эмес,адреси да жазылбаптыр. Аны да жазыш керек,анткени адреси каякта деп сурай беришет экен мам.иштерине барганда
+2
Alixan-Nookat.2015
2021-01-13 17:31:24
Каалоосу менен эмес милдеттүү түрдө улуту көрсөтүлүш керек
+7
bakyt78
2021-01-13 20:23:00
Alixan-Nookat.2015, туура, милдеттуу турдо болуусу керек. Бул кетиште кыргыз деген улут жок болуп кетуусу мумкун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан