Биз социалдык тармакта

УКМК Курсан Асановдун жубайы сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат таратты

УКМКнын басма сөз кызматы Курсан Асановдун жубайы Кульнара Усенканованын УКМКда сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат таратты.

"Тергөө иш-аракеттери башталганга чейин ал өзүн жаман сезип, натыйжада дарыгерлер чакырылган. Дарыгерлер Усенканованы текшерилүүгө жөнөтүшкөн. Ал борбордогу медициналык борборлордун бирине жеткирилип, текшерүүдөн кийин ага стационардык дарылануу сунушталган. Учурда ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин президенттике талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип, УКМКга суракка чакырылгандыгы боюнча маалымат тараган. Кийин аны Курсан Асановдун жубайы экендигин айрым маалымат булактары жазып чыгып, адвокат Таалайгүл Токтакунова бул боюнча да өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-01-13 20:24:07
Ой артист. Мына эмесе сага, не дейсинер эми.
+9
tilek121277
2021-01-13 21:36:37
Жакында кобу оорулу болуп чыга келет бекен
+6
zam81
2021-01-13 23:05:48
Акча алганда неге оорушпайт тан калам
+2
Betei
2021-01-13 23:59:01
Бойунда бар окшойтко
-1
Kadyrova_
2021-01-14 09:29:28
Мурунку бийлик карапайым күноосү жок тоок урдагандаргада чоон нерселерди уруп мойнуна алдырып камап келген.булар анык ууру эл душмандарын.инсульт эмес балекет болсода камаш керек.булар артистик кылып чет мамлекеттерге качат шүмшүктөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан