Биз социалдык тармакта

"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын ишеним телефондору өзгөртүлдү

"Бишкекжылуулуктармагы" коммуналдык ишканасынын ишеним телефондору өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, эгерде жылуулук жана ысык суу боюнча маселелер болсо, анда диспетчердик кызматка күнү-түнү төмөнкү номерлерге чалып байланышууга болот: 0701 777110 (WhatsApp), 0312 212906.

"Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн (айдын 17нен 24үнө чейин): 0504828229 (WhatsApp) номерине жиберип же 0312 492535 номерине чалыңыздар" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин турак жай массиви, калгандарын жылуулук менен Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы "Бишкекжылуулуктармагы" ААК камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан