Биз социалдык тармакта

Бишкекте адашып кеткен жаран табылып, туугандарына аман-эсен өткөрүлүп берилди

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен улгайган кишини таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-январь күнү болжол менен саат 18:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Чыгыш-5 дарегинен улгайган киши жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда болжол менен саат 16:00 чамасында 1959-жылы туулган И.А. аттуу тургун үйдөн чыккан бойдон дайынсыз экендигин айтып, издеп жүргөндүгүн кабарлаган. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн 1959-жылы туулган И.А. аттуу жаран табылып, туугандарына аман-эсен өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан