Биз социалдык тармакта

Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар балдарды кабыл алууга даярбы? Мэрия текшерүү жүргүздү

Бүгүн, 14-январда Бишкектеги мектептердин жана бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгы, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы, оңдоо иштеринин аякташы текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган мекемелерди текшерүүгө социалдык иштер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева жана шаардык мэриянын кызматкерлери катышты. Текшерүү №4, №47 мектептеринде жана №4, №134 бала бакчаларында жүргүзүлдү.

"Мектепте санитардык эрежелерди сактоого шарттар түзүлгөн, кирүү чыпкалары уюштурулган. Окуучулар шахмат түрүндө отургузулуп, сабактар эки топко бөлүнөт. Тыныгуу учурунда класстар желдетилип, дезинфекцияланат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү процессин офлайн режиминде жандандыра баштайт. 18-январдан тартып мектепке 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары бара башташат. Ал эми бала бакчалар болжол менен 1-февралдан тартып ишин жандандырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан