Биз социалдык тармакта

Былтыр өлкөдө 62 адам жактоочулук иш жүргүзүү үчүн лицензия алышты

Былтыр, 2020-жылы өлкөдө 62 жаран жактоочулук иш жүргүзүү үчүн лицензия алышкан. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы тарабынан жалпысынан 8 жыйын өткөрүлгөн, анда жактоочулук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 347 талапкердин арызы каралган, анын ичинен:

- 242 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алган;

-105 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүүдөн баш тартылган;

- 62 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышкан;

- 85 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

2020-жылдын 31-декабрына карата жактоочулардын мамлекеттик реестринде 4 миң 434 лицензия катталган жана берилген, анын ичинен иштеп жаткан лицензиялары бар жактоочулардын саны 3 миң 509.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан