Биз социалдык тармакта

Фостердик үй-бүлө. Убактылуу ата-эне болуш үчүн кандай шарттарды аткарыш керек? Жооп

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды интернаттарга эмес, фостердик үй-бүлөгө тарбияланууга берүү практикасын жүргүзүп келет. Аталган программа Кыргыз өлкөсүндө 2014-жылдан бери иштеп келет. Бул жөнүндө жобо өкмөт тарабынан бекитилген. Аталган жобого өзгөртүүлөр киргизилгенин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирген.

Анда министр айым багып алуучу үй-бүлө жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берди.

Фостердик үй бүлө - бул мамлекеттен акы алып баланы караган үй-бүлө.

Багып алуучу үй-бүлө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды камкордугуна алып, тарбия берген үй-бүлө. Багып алуучу үй-бүлө баланы асырап алган үй-бүлөдөн бир айырмаланып, атайын окутулат жана баланы белгилүү бир мөөнөткө мамлекет менен келишим түзүүнүн негизинде багып алат.

Асырап алуучу үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар асырап алып жаткан баласына фамилиясын беришет. Бала толугу менен документ жүзүндө асырап алуучулардын карамагына өтөт.

Багып алуучу үй-бүлөгө төмөндөгүдөй шарттар коюлат:

  • Багып алуучу үй-бүлө мамлекет менен келишим түзөт, анын негизинде айлык алат;
  • Багып алуучу үй-бүлө балага убактылуу гана ата-эне болот;
  • Багып алуучуларда тарбияланып жаткан баланы башка үй бүлө асырап алса болот;
  • Багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандар зарыл документтер менен райондук башкармалыктарга кайрылышы керек;
  • Багып алуучу үй-бүлө 5 балага чейин багып алса болот;
  • Багып алуучу ата-эненин жашы 35 тен 65 жашка чейин болушу шарт;
  • Багып алуучу ата-энелердин балдарды ыңгайлуу атмосферада тарбиялоо үчүн турак-жай шарттары болушу керек;
  • 3 жашка чыга элек баланы багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүүдө жубайлардын бири толук иштебеген болушу керек;
  • Бир тууган балдар бир багып алуучу үй-бүлөгө берилет;
  • Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурда алдын алуу максатында багып алуучу ата-эне психологиялык баалоодон өтөт;
  • Багып алуучуларга өтүлгөн окуунун жыйынтыгында сөзсүз түрдө баалоо, тестирлөө жүргүзүлөт;
  • Окууну ийгиликтүү өткөн жарандар багып алуучу ата-эне болууга талапкер болушат;

Багып алуучу үй-бүлөлөрдө төмөнкү категориядагы балдар жайгаштырылат:

  • Жетим балдар;
  • Ата-энелери ата-энелик укугунан ажыраган балдар;
  • Ата-энелик укугу чектелгендердин балдары;
  • Балдардын ден соолугуна коркунуч келтире турган үй-бүлөдөн алынган балдар;
  • Сексуалдык зомбулукка кабылган балдар;
  • Ата-энеси өзү тарбия берип бага албаган балдар;
  • Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан