Биз социалдык тармакта

Таңга жуук Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Бүгүн, 15-январда Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

"Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 41 километр түндүк-чыгышта болгон. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Ак-Терек, Жийде айылдарында 3,5 баллга жакын, Орказган, Чангет, Кыргызстан, Тосой, Ничке-Сай, Кайрат, Заргер, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жакын, Саламалик, Калта, Кара-Чолок, Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Маяк, Жыланды, Маркай, Михайловка, Саты, Кош-Этер айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында - болжол менен 2,5 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан