2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде ЖОЖдордогу окуу процесси гибриддүү (аралаш) форматта уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул алгоритм жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында (ЖОЖ, КООЖ) аралыктан окутуу (онлайн) процессинен реалдуу режимдеги (офлайн) салттуу окутуу процессине өтүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы алдын алуу боюнча сунуштарды белгилейт.
I. Окуу процессин уюштуруу:
1. Толугу менен салттуу форматтагы (офлайн) окутууну уюштурууга төмөнкүлөр үчүн уруксат берилет:
2. Даярдоонун багыттары жана адистиктери боюнча кенже курстардын студенттери (бүтүрүүчү курстан жана медициналык адистиктерден тышкары) үчүн окутуу процесси төмөнкү алгоритмди сактоо менен аралаш окутуу форматы колдонулуп уюштурулат:
3. Окутууну салттуу форматта уюштуруу учурунда окуу жайдын ичинде бир убакытта студенттердин саны минималдуу болгондой кылып, окутуу сабактарынын ийкемдүү ырааттамасын (расписаниесин) түзүү керек. ЖОЖдун жана КООЖдун тандоосу боюнча студенттердин контингентин 2-3 нөөмөткө сабактарга келүүгө аныкталган жана так белгиленген күндөрү менен бөлүштүрүүгө жол берилет.
4. Чоң группаларды социалдык аралыкты сактоо шартында бир аудиторияда 15-20 студенттен ашпагандай кылып бөлүштүрүү сунушталат.
5. Танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияда студенттердин топтолуусуна жол бербөө зарыл.
6. Студенттердин ар түрдүү топторунун арасында массалык иш-чаралар өткөрүлбөшү керек.
7. Студенттердин арасында “COVID-19” инфекциясын алдын алуу чараларын сактоо боюнча иштерди жүргүзүү (лекциялар, видео роликтер, материалдар университеттердин сайтында жайгаштырылышы мүмкүн) зарыл.
8. Авиа каттамдар калыбына келбеген же “чек аралар ачылбаган” чет өлкөлөрдүн жарандары - студенттер үчүн барып келүүдөгү чектөөлөр алынганга чейин окутуу аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде уюштурулат.
9. Чет өлкөлүк студенттерге окуу процессине катышууга COVID-19га текшерүүнүн жыйынтыгы болгон учурда гана уруксат берилет.
II. Экзамендик сессияларды жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекетик аттестациясын өткөрүү.
1. 2-курстун студенттери үчүн "Кыргызстан тарыхы", "Кыргыз тили жана адабияты" жана "Кыргызстандын географиясы" боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен 2020-жылда онлайн режимде жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү боюнча сунуштарды эске алып, аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт.
2. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта өткөрүлөт.
3. Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар ЖОЖдун жана КООЖдун тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өткөрүлөт.
4. Студенттер үчүн экзамендик сессиялар төмөнкү алгоритм боюнча уюштурулат: