Биз социалдык тармакта

"Аймактын өнүгүүсү үчүн кен байлыктарды иштетүү убагы келди". Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү жыйын өткөрдү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун катышуусу менен облустун аймагында кен казуу ишканаларынын абалы жана бул тармактагы салык боюнча маселени караган жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусунда кендерди иштетүүгө жергиликтүү жана сырттан келген ишкерлерге 337 лицензия берилген. Анын ичинен кендерди изилдөөгө - 46, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө - 113, кендерди иштетүүгө - 178 лицензия берилген. Алардан көмүр кендерин иштетүүгө берилген 88 лицензиянын 45и гана натыйжалуу ишмердигин көрсөтө алган. Мындан улам, ыйгарым укуктуу өкүл лицензия ээлеринин көпчүлүгү аны туура жана максаттуу пайдаланбай, ээлеп алып ишмердүүлүгүн жүргүзбөй келишет. Алардын материалдык техникалык базасы, каражаты, тоо кен тармагы боюнча билими, тажрыйбасы барбы, жокпу аныктап, лицензиялардын мыйзамдуулугуна жана максаттуулугуна мониторинг жүргүзүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

"Буга чейин аймакта бир катар инвесторлор кен байлыктарды издөө, чалгындоо жумуштарын жүргүзүп келген. Бирок жергиликтүү эл менен мамиле түзө албай, натыйжада нааразычылыктар жаралып, кооптуу чөйрө түзүлгөнү баарыбызга маалым. Мындан улам аймактын өнүгүүсү элдин бакубат жашоосу үчүн кен байлыктарды иштетүү убактысы келди", - дейт өкүл Жаныбек Жалалов.

Белгилей кетсек өткөн жылдын жыйынтыгы менен пайдалуу кендерди казуу менен өнөр жайында продукция өндүрүүнүн көлөмү 821 миллион 5 миң сомду же болбосо облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 26,7 пайызын түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mariolan
2021-01-15 18:57:38
Жетим тоону кантип сатып иймек, кантип элди алдасак деп баштары катып атат булардын, кен байлыктарга тийбегиле, жаратылышты талкалабагыла
0
ooki8888
2021-01-16 09:07:21
mariolan, Элдин байлыгы 100% Кыргыз Эли учун иштетиш керек! Экономиканы котоуп, кен-байлыктарды туура иштетип, завод, фаюрикаларды ачып, тентиген бир-туугандарыбыз мекенине кайтканга шарт тузушубуз керек!!!
Бизде башка жол жок.
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2021-01-16 19:33:59
Кен байлыктарды иштетип озунор болуп алгандан эмне пайда??? Тажаттынар силер лучше Россияга билетти арзандатып бергиле и всё
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан