Биз социалдык тармакта

Тилек Токтогазиев: "Өлкөдө эл аралык стандартка туура келген 2 эле эт комбинаты иштейт"

Кыргыз өлкөсүндө эл аралык стандартка туура келген эки гана эт комбинат иштейт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, эл аралык талапка жооп берген ишканалардын бири Кочкордо, бири Бишкекте жайгашкан.

"Азыркы учурда эл аралык стандартка туура келген эки гана эт комбинат иштейт. Мындай стандартка жооп бере турган эки эт комбинатынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Алар Караколдо жана Балыкчыда. Андан сырткары дагы 5 эт комбинаты бар. Бирок булар эл аралык стандартка жооп бербейт.

Акыркы учурларда жумасына 2-3 тонна эт (көпчүлүгү козунун эти) Дубайга экспортко кетип жатат", - деди министр Тилек Токтогазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан