Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин алгачкы китеби сатыкка чыкты. Бул тууралуу Темирлан Султанбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Китеп "Балалыктын сыйкырдуу бакчалары" ("Волшебные сады детства") деген аталышта жарык көргөн.
"Балалыктын сыйкырдуу баракчалары" - мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин биринчи повести. Ал аны камакта жатканда жазган. Ностальгия тартуулаган, лирикалык, анекдотторго бай, ошол эле маалда олуттуу жазылган повесть окурманды балалыктын жылуу жээктерин эскерүүгө ээрчитип барат. Балалыктын сыйкырдуу бакчалары" жашоодогу ар бир көз ирмемди баалоого чакырат", - деп жазылган Султанбековдун аннотациясында.