Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, көрүнүктүү окумуштуу жана акын, публицист, жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, академик Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, президентик аппараттын, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, анда Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, газета-журналдык материалдар жана фотодокументтер коюлду.
Академик Абдылдажан Акматалиевдин көрүнүктүү эмгектери: