Сокулук районунун милициясы дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Гүлсүнай Толкуновага издөө салат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Гүлсүнай Толкунова 2004-жылы туулган. Ал 2020-жылдын 20-декабрында Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө, көзү кара. Кийген кийимдери: жашыл түстөгү күрмө, кара жынсы шым, кара түстөгү кроссовка.
Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: 0(312) 60-75-67, 0-3134 5-33-80, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29