Бүгүн, 15-январда Ош шаарында коронавирус пандемиясында көрсөткөн жардамы үчүн жарандык активисттерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, вице-мэр Эмиль Шадыханов жарандык активисттерге ыраазычылык билдирди.
"Мэрия ыктыярчылардын жана жарандык активисттердин жардамга муктаж жарандарга жардам берүүгө багытталган демилгелерин колдойт" деди вице-мэр Эмиль Шадыханов.
Белгилей кетсек, пандемия учурунда ыктыярчылар жана жарандык активисттер тарабынан 201 миң 600 сом чогултулуп, 235 курч муктаждыгы бар үй-бүлөгө жардам берилген.