Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми бир суткада стационардан – 2, үй карантининен - 2 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлер арасында – 4150, алардын ичинен 4050 медкызматкер сакайды.