Биз социалдык тармакта

Бишкек ШИИББи маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылуу жасады

Бишкек шаардык милициясына шаардык кичи автобус каттамдарынын айдоочуларынын арасында жумушка чыкпоо, жол тыгындарын жаратуу жана чагымчыл чакырыктар тарап жатканы тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Мындан улам Бишкек ШИИББи маршруттук таксилердин айдоочуларын жеке кызыкдар тараптарга жана чагымчыл күчтөргө ишенбөөгө чакырат.

"Айдоочулар коом үчүн чоң жана керектүү ишти жасап жатышат, аны эсибизден чыгарбашыбыз керек. Коомдук транспортто, шаардын көчөлөрүндө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жана мамлекеттик менчикке зыян келтирген чагымчыл аракеттерди кылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек ШИИББинин кызматкерлери жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коомдук коопсуздугун толук жана зарыл көлөмдө камсыздоону улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
komp
2021-01-17 17:27:17
Кайдагы чвгымчыл күчтөр, өзүнөр деле ойлоп көргүлөчү: 10сомдон жыйнап 10л май куюш үчүн 35 адам салыш керек. Өзү маршрутканын деле бара турган жери деле ошончо. Шаардын бул башынан тиги башына жеткиче куйган майын түгөнөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан