Биз социалдык тармакта

"Мен iPhone`го алданбайм" Сыймык Жапыкеевден "Жүрөктөн жүрөккө" аталышындагы билдирүүсү

Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев дем алуу күнү эс алууга чыккан жеринен Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзүнүн акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Ал бул билдирүүсүн "Жүрөктөн жүрөккө" деп атаган.

"Байтик айылында турам. Таза абада дем алып дегендей. Азыр мени көптөр социалдык тармактан жоголуп кетти деп жатышат. Анан дагы көп суроолор жүрөт. Мен эч кандай 80 миң долларга унаа алган жокмун. Мегакомдун жетекчиси iPhone бериптир дешти. Чоң бийликке алданбаган iPhone' го алданып калмак белем. Сыймык ичип, жеп жатыптыр деген болбогон сөз. Айткыла да жеп жатсам.

Мына азыр Кубатбек Бороновду Мухамметкалый Абулгазиевди суракка чакыртып жатабыз. Дагы канчалаган министрликти чакырдык, анын баарын айткан жокпузда.

Азыр Бишкекти каптаган ыш, пандемия боюнча иштеп жатабыз. Мурда финполицияны ким билчү эле. Баары азыр ушундай кызмат бар беле деп жатышат. Канча деген таттууларды сактаган складдарды кармадык. Баары эл үчүн. Эми азыр ЖЭБди, пандемияны аягына чейин чыгарабыз.

Баарыбыз бири-бирибизге ишенели, мен iPhone`го алданбайм, ичи тардыкты токтотолу. Мен дагы душман арттырбай жашагым келет", - деп айтылат билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kenen
2021-01-18 10:33:42
Молодец брат. баары сендей иштесе жакшы эле болотко.
+4
bond02
2021-01-18 10:54:47
Мактанчаак.
+2
Danysh1
2021-01-18 10:55:53
Бийлике эл үчүн иштегендер келди кудайга шүгүр рахмат тарыхта атын тамгалар менен калгыла
+3
Danysh1
2021-01-18 10:56:37
Алтын тамгалар менен
+2
ooki8888
2021-01-18 11:03:53
Атынар калат кылымдарга, шансы есть, иштегиле!
А так 570 же Особняк - этое всё вишня!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан