Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоору каралат

Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүн, 18-январда “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайты маалымат жарыялады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун 40 депутат демилгелеген. Мыйзамдын максаты - эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө болуп саналат.

Мыйзам долбооруна чакырылгандар: Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Джуматаев, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан