Түркиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылына карата "Түркиянын стипендиясы" 2021 программасынын алкагында Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.
"Түркиянын стипендиясы" 2021 стипендиялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу:
- Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин;
- Өтүнмөлөр билим берүүнүн бардык академиялык деңгээлдерине кабыл алынат (бакалавриат, магистратура жана докторантура);
- Программага катышуу үчүн талапкерлер www.turkiyeburslari.gov.tr сайтында өтүнмөнүн электрондук формасын толтуруп жана системага керектүү документтерди жүктөөсү керек;
- Жеке өзү берген же почта боюнча жөнөтүлгөн өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт. Өтүнмө берүү үчүн акы алынбайт.