Биз социалдык тармакта

"Китеп окууну алдыга койбогон өлкө, эч качан өнүкпөйт!". Баткендеги абалы мышык ыйлагыдай болгон китепкана (сүрөт)

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Кызыл-Бел орто мектебинин китепканасынын абалы мышык ыйлагыдай оор абалда. Чакан мекеменин абалын чагылдырган маалымат жана сүрөттөр менен Алмаз Арапов аттуу жаран социалдык тармактагы жеке баракчасына бөлүштү. Жаран Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевге кайрылып, бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, карап коюусун өтүнгөн.

"Китепкананын абалы айтпасам деле көрүнүп турат. Терезелери сынган, өзү болсо кулап калайын деп араң эле турат. Кычыраган кыштын күнүндө мындай жерде иштөөгө да мүмкүн эмес. Бул сүрөттөрдөн мамлекетибиздин азыркы абалын, билимге жана китепке канчалык кайдыгер мамиле жасалып жатканын байкасак болот. Билимди жана китеп окууну биринчи орунга койбогон өлкө, эч качан өнүкпөйт да, өспөйт. Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, карап койбосоңуз болбойт. Себеби мындай абалдагы китепканалар өтө көп", - дейт Арапов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sultan_bek
2021-01-19 13:37:53
Мечиттерди салып салышкан, бирок китеп кана салган жан жок. Жайнатып мечиттерди салдынар, эмне озгорду. Эч нерсе озгоргон жок. Болгону диний фанатизм жайылып кетти. Элдин кругозорун которуш керек.
-5
Nuret94
2021-01-19 22:29:51
sultan_bek, эмне болсо эле мечитке асыласынар,
Кафе клубдарды айтсаңар, бузукулуктун баары ошол жактан башталат!
+2
mira28
2021-01-19 17:25:08
самарам колунду жансап эки созунду каиталап суилои бербеи кыиын экенсин туулган жериндеги китеп кананы ондо.за одно китеп окусан тиги тоок мээне бир нерсе кирип жок дегенде соз баилыгын осот беле.
+2
akmanai
2021-01-19 23:01:56
Ушул китепкананы шыбап туруп актап койгон бир киши чыкпадыбы айылдан. Баарын мамлекеттин мойнуна жуктоп милдет кылып отура берели
0
guli-1980
2021-01-20 00:54:38
Ал го айылда Баткендин центриндеги китепканага деле келген адам жок. Китепканачылар очеред мн иштейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан