Биз социалдык тармакта

Өлкөдө былтыркы жылы 830 миңге жакын паспорт даярдалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы 2020-жыл ичинде 825 миң 528 паспорт чыгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жыл ичинде 825 миң 528 паспорт даярдалып чыгарылды. Анда паспорттордун бардык түрлөрү кирет:

  • жалпы жарандык;
  • дипломаттык;
  • кызматтык;
  • Ошондой эле 2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карталар.

"Кыргыз жарандарды үчүн тариздетилүүчү паспорттордун саны өткөн жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөн. 2017-жылы 901 миң паспорт даярдалган. 2018-жыл ичинде бардыгы болуп 916 миң паспорт жекелештирилген.

2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган. Ал ортодо биометрикалык паспортторду чыгаруунун башталышы менен 2017-жылдын май айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 950 миңден ашуун eID-карталар даярдалган. Миллионунчу биометрикалык паспорт Кыргызстанда 2019-жылдын 14-январында берилген. Эки миллионунчу eID-картаны берүү 2021-жылдын февраль айында күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан