Биз социалдык тармакта

Борбор калаадагы мыйзамсыз орнотулган 46 көрнөк-жарнак алынды

Борбор калаадагы мыйзамсыз жайгаштырылган көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Манас кең көчөсүнөн Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнө чейин текшерилип, өзүм билемдик менен орнотулган 46 жарнама конструкциялары, көрнөк-жарнактар жана плакаттар алынды.
Мындан тышкары Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги Худайбергенов көчөсү, 94а дарегиндеги уруксат кагаздары жок соода күркөлөрү алып салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан